Көк бөрү боюнча улуттук курамабыз II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын медалды камсыздады. Бүгүн, 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында ат майданда өткөн финалдык беттеште улакчыларыбыз Казакстан курамасы менен кез келип, 15:3 эсебинде утушту.
Оюндун жүрүшүндө кыргыз спортчулары атаандаштарга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, аттарды жана өздөрүн оюнга толук бойдон арнашты. Жыйынтыгында алар алгачкы 20 мүнөттүктө 7 улак, экинчи 20 мүнөттүктө 3 улак жана жыйынтыктоочу баскычта 5 улак салышты.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргыз Республикасы алтын, Казакстан күмүш жана Кытай коло медаль тагынды.