Орусиялык ырчы Зара Бишкек шаарынын тургундарына жагымдуу маанай тартуулады (фото)

Бүгүн, 8-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орусиялык ырчы Зара шаар тургундарына өз өнөрүн тартуулады. Кече саат 18:05те башталып, 1,5 сааттан ашык убакытка созулду.

Сахнага чыккан ырчы "Кечээ эле "Жаңы толкун" сынагында ырдаган элек. Бүгүн Бишкек шаарында турабыз. Сиздерди көрүп турганыма кубанычтамын. Баарыңыздарга көңүлдүү кеч каалайм" деп репертуарындагы "Недолюбила", "Только ты", "Этот год любви" сыяктуу ырларын аткарды. Ошондой эле ырчыны бийчи жигиттер коштоп турушту. Ал эми залдагы көрүүчүлөр суратпай кол чаап, ырчыны шаңдуу колдоп жатышты.

Концерт соңуна чыкканына карабай көрүүчүлөрдүн залдан кетпей бир топ убакытка кол чаап турганы ырчыга дем бердиби, айтор, ырчы концерттик программасында жок ырларды да аткарды.

Айта кетсек, иш-чара Орусиянын Маданият күндөрүнүн алкагында өттү. Шаар тургундары үчүн филармониянын эшиги ачык болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bekbolotovich
2016-09-08 22:08:49
Эки элдин достугу дайым бекем болсун! Рахмат Зарага!
+3
Bekbolotovich
2016-09-08 22:10:03
Эки элдин достугу дайым бекем болсун! Рахмат Зарага!
+2
Aselya_9105
2016-09-08 22:41:06
Чолпон Атада да ырдаса болмок экен....
+2
Azizbek.kg8
2016-09-08 23:18:54
Кочмондор оюнун жабылу аземинде ырдаса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан