Рио-2016. Паралимпиада оюндарында кыргыз спортчулары 10-сентябрдан тарта медаль үчүн жарышка түшүшөт (тизме+сааттары)

7-сентябрда Рио-де-Жанейро шаарындагы "Маракана" стадионунда Паралимпиада оюндары старт алды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүп жаткан мелдеш 18-сентябрда жыйынтыкталат. Анда жалпысынан 22 спорт түрүнөн 528 комплект медаль ойнотулууда.

Кыргыз мамлекетинин желеги астында "Рио-2016" Паралимпиадасына 3 спортчу катышууда. Алардын күч сынай турган күнүн, сааттарын назарыңыздарга койдук. Убакыттар Бишкек сааты боюнча көрсөтүлдү.

10-сентябрь. Кыргыз спортчуларынын ичинен биринчи болуп Эсен Калиев өз күчүн сынап көрмөкчү. Ал пауэрлифтинг боюнча мелдешке 54 килограмм салмакта катышат. Бул спорт түрү боюнча күч сынашууларга саат 07:00дө старт берилмекчи.

15-сентябрь. Пауэрлифтинг боюнча 107 килограммга чейинки салмак категориясындагы спортчулардын мелдешине орун берилет. Бул салмакта Кыргыз мамлекетинин желеги астында Жыргалбек Орозбаев чыкмакчы. Башталышы: 04:00

12-сентябрь. Арстанбек Базаркулов ядрону түртүп ыргытуу боюнча күчүн сынайт. Мелдеш 04:00дө башталат.

16-сентябрь. Арстанбек Базаркулов токмок ыргытуу боюнча мелдешке катышат. Мелдешке 11:35те старт берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jake91
2016-09-09 09:53:31
Ийгилик барына
+6
MIRlan
2016-09-09 10:15:55
Ийгилик жигиттер, ийгилик!
0
LEGENDA.
2016-09-09 10:29:58
Ийгилик!
+1
keba300989
2016-09-09 10:54:56
3 алтын алып келгиле Кыргызстанда дагы той кылайлы, ийгилик каалыйбыз алга
+1
izdeim_seni
2016-09-09 11:02:51
Албаган алтындарды алып келгилечи!Ийгилик күтөбүз
+1
Basko94
2016-09-09 18:14:42
Ийгилик, Кудайым колдосун силерди!
0
-NURIK-
2016-09-11 11:03:53
Ийгилик
0
-NURIK-
2016-09-11 11:04:22
Кандай медаль болсо да алып келгилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан