Кечээ, 8-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында "Жаңы толкун-2016" сынагынын үчүнчү күнү өттү. Анда катышуучулар өз репертуарындагы чыгармаларын аткарышты. Жыйынтыгында 425 упай менен хорватиялык Дино жана италиялык ырчы Вальтер Риччи биринчи орунду ээледи. Ал эми биринчи орунда бара жаткан украиналык ырчы Галина Безрук экинчи орунду ээлеген. Мекендешибиз Нурсултан Азыкбаев "Чувства мои" ырын аткарып, калыстар тобунун берген баасы боюнча төртүнчү орунда турат.
Белгилей кетсек, учурда "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына онлайн добуш берүү уланууда. Анда Нурсултан Азыкбаев үчүнчү орунда бара жатат. Добуш берүү туура 1 саат 25 мүнөттөн кийин токтойт. Добуш берүү онлайн болгондуктан, орундар өзгөрүшү мүмкүн.
Ал эми бүгүн, 9-сентябрда жыйынтыктоочу гала-концерт өтүп, жеңүүчүлөрдүн ысымдары расмий аталат.
Мекендешибизди колдоо максатында 2325 номерине NW09 сөзүн жазып, SMS билдирүү жиберсеңиздер болот. Бир билдирүүнүн баасы 100 сом. Ошондой эле Орусияда жашаган мекендештерибиз 2325 номерине, Украинадагылар 8385, Беларусь, Казакстандагылар 2090 номерине Нурсултан Азыкбаевдин NW09 код номерин жазып добуш бере алышат. Эгер сиз Латвия, Литва, Эстония өлкөсүндө болсоңуз, 1896 кыска номерине SMS билдирүү жөнөтөсүз. Ушундай эле ыкма менен Болгариядагылар 1644, Грузияда жашаган мекендештер 93933, Хорватиядагылар 860860 номерине NW09 сөзүн жазып, добуш бере алышат.