Чычкан жана Чаткал дарыяларына агып кеткен айдоочуларды издөө үчүн кошумча күч тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
14-июль күнү саат 06:30 чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп, айдоочу агып кеткен. Буга чейин издөө иштерин Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүп келишкен. Кошумча күч катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан кошумча 7 куткаруучу тартылды.
Ошондой эле Чаткал районунда 6-сентябрь күнү саат 06:00 чамасында Мицубиси Делика унаасы Чаткал дарыясына түшүп, айдоочусу агып кеткен. Издөө аймагын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 8 куткаруучу жөнөтүлдү.