Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
“Кыргыз-өзбек чек ара тилкелери күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатат. Үңкүр-Тоого кошумча аскер кызматкерлери жеткирилген. Ал эми Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин 20га жакын кызматкери чыга элек. Алардын талаптары өзгөрүүсүз калууда. Абалды көзөмөлгө алуу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жатат”, - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.