Ошто зордуктоого шектелип Кара-Суу районунун тургуну кармалды

Ош шаарында зордуктоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 1994-жылы туулган кыз кайрылган. Анда ал шаар ичиндеги кафелердин биринде иштей турганын жана чала тааныш жаран аны алдоо жолу менен жатакана таап берүүнү убадалап, батирлердин бирине алып барып зордуктаганын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
keba300989
2016-09-09 16:49:59
Закон күчүнө кирбесе бундай нерселер жөн эле көрүнүш адатка айланат адамдарга, кийин милисияларга акча берип чыга баштайт, Жогору жактагылар 5 жылдын 1 жылын жумуш кылалы деп иштеп коюшса кыргызстан бутуна туруп кетет менимче.
+4
Mekush87
2016-09-09 16:57:16
Ушинтип иштеген да кыздар бар негизи
0
tulpar90
2016-09-09 17:03:51
Уурулук,зордуктоо,тоноочулук,алдамчылык ушундай иштер аябай көбөйдү качан токтотобуз.
+2
sher.ella
2016-09-09 17:51:00
Кыздарга боорум ооруйт зордукталбаса экен
+2
Sara07
2016-09-09 21:48:39
Бейтааныш адам "жур" десе эле кете берген кыздын озундо куноо ! Азыр балдар эмес кыздарыбызда уят калбай баратат !
-2
senchi
2016-09-10 09:00:12
Кыздар ошентип иштешет милициялар менен чогуу
-1
Nursultankyrgyz
2016-09-10 20:45:14
Президент кандай болсо Кыргызстаныбызда ушунчалык жаман окуя боло берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан