Бүгүн, 9-сентябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын үчүнчү айлампасына старт берилет. 2 айлык тыныгуудан кийин командалар кайрадан өлкө чемпиондугу үчүн күрөштү улантышмакчы.
Бүгүн Бишкекте алдынкы орунду ээлеп келе жаткан Оштун "Алай" футболдук клубу нарындык "Ала-Тоо" менен беттешет. "Ала-Тоо" атаандаштарынан айырмаланып, мелдеш жадыбалында эң арткы орунду ээлеп келүүдө.
9-сентябрь
"Ала-Тоо"-"Алай"
Стадион: Бишкек шаары. "Дордой" спорткомплекси
Башталышы: 17:00