Нурсултан Азыкбаев эмне үчүн Григорий Лепс менен ырдабай калганы маалымат жыйында белгилүү болот

Орусиянын Сочи шаарында 3-сентябрь күнү "Жаңы толкун" музыкалык сынагы башталган. Бүгүн, 9-сентябрда жыйынтыктоочу гала-концерт өтүп, жеңүүчүлөрдүн ысымдары расмий аталат. Кыргыз Республикасынын атынан катышкан Нурсултан Азыкбаев сынактын экинчи күнүндө, тагыраагы, 6-сентябрда мурун айтылгандай белгилүү ырчы Григорий Лепс менен эмес, анча белгилүү болбогон жаш ырчы кыз Ромади менен дуэт ырдаган эле. Кээ бири мындай өзгөрүү жөнүндө "Нурсултан көп упай албай калыш үчүн Лепс менен эмес, башка бирөө менен ырдатып коюшту" дешти. Бул тууралуу ырчынын менеджери Иззат Молтоев мындай деп билдирди:

"Жаңы толкун-2016" музыкалык сынагында Нурсултан 4-орунду алды деп ишеничтүү айта алабыз. 12 өлкөдөн келген 16 катышуучунун ичинен суурулуп чыгып, 4-орунду ээлөө жакшы жетишкендик деп ойлойбуз. Эртең Григорий Лепс менен ырдайм деп жатканда жаш ырчы Ромади менен ырдайсың деп коюшту. Ырды да туура эмес тандап берип коюшкан. Бул тууралуу Нурсултан сынактан келген соң 12-сентябрда маалымат жыйында кеңири маалымат беребиз. Учурда Нурсултандын маанайы эң сонун. Буюрса, эртең Бишкекке учуп келет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Anara95
2016-09-09 15:18:13
Эмнеси болсо да ийгилик!!
0
Solanum
2016-09-09 15:19:21
Негизи Нурсултан баш байгеге татыктуу болчу!(
0
omuraliev96
2016-09-09 16:06:51
Ак ийилет бирок сынбайт! Ийгилик!
0
brit
2016-09-09 16:36:02
Мен да ошентип ойлодум Эле. Женишке татыктуу болчу. Азыркы конкурстар баары Эле сатылып калды окшойт го
+1
jashtilek2
2016-09-09 23:45:45
Нурсултан татыктуу болчу! Каапырлар каапырдыгын кылды. Аларда чындык жок да. Аллахтан коркуп туура чечим чыгарууну билишпейт....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан