II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан спортчуларын Армениянын өкмөтү жазалап, эл аралык мелдештерге катышуу укугунан ажыратат. Бул тууралуу Армениянын Жаштар иштери жана спорт министрлигине шилтеме берүү менен армениялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Армения оюндарга катышпай турганын июль айында билдирген. Бирок Тышкы иштер министрлиги менен оюндардын катчылыгы үмүттөрүн 7-августка чейин үзбөй, бул мамлекеттин спортчуларынын Ысык-Көлгө келүүсү үчүн бир топ аракет жумшашкан. Жыйынтыгында Армениянын айрым спорт федерацияларына чакыруу жолдонуп, алардын макулдугун алышкан.
"Армения расмий түрдө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан жок. Бул тууралуу спорт министри Габриэл Казарян оюндардын координатору Белек Үсөнбековго 27-июлда маалымдаган. Кийин бизге белгилүү болгондой, уюштуруучулар айрым спорт федерацияларына кайрылып, айрым спортчулардын макулдугун алышыптыр. Спортчулардын оюнга катышарынан министрликтин кабары жок болчу. Министрлик федерацияларга жана спортчуларга чара көрөт. Спортчулар эл аралык мелдештерге катышуу укугунан ажыратылат", - деп жазылат маалыматта.