Индияда автобус бийик көпүрөдөн кулап, 21 адам каза болду

Индияда автобус бийик көпүрөдөн кулап, 21 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, автобуста 50гө жакын адам болгон. Көпүрөдөн өтүп бараткан учурда айдоочу автобусту башкара албай калып, натыйжада оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 30 адам жабыркап, 21 адам окуя катталган жерден каза болгон.

Адам өмүрүн алган мындай окуя Индияда буга чейин да болгон. Анда үстүбүздөгү жылдын май айында ашыкча адам салып алган автобус капчыгайдан кулап, 15 адам каза болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Elusha88
2016-09-09 17:15:53
Жаман болуптур, жандары жаннаттан орун алсын.Аллахым кутулбогон кырсыктардан озун сактай кор.Заманыбызда тынчылык аманчылык эле болсунчу
+7
Manas230595
2016-09-09 18:01:43
Elusha88,kapyr bolso jaiyn janatan dep suraba allah kapyrlardy 2 duino azaptait alarga janat haram kylyngan alarga jakshylyk da kaalap bolboit o duinodo musulman kapyr bolup kana bolunobuz kabyrlar allany jok dewip aga yiman keltiriwpeit kaidagy estelikterge syiynywat
-3
elmurat.kg
2016-09-09 20:42:15
туура айтасын Бирок сен мусульман болуп жаралганына шугур кылып ананда капырларды деле динге чакырсан боло...Сенда ошол жакта туулганында намаз окубай дин жонундо маалыматын жок болотле отко эстеликке сыйынып журо беретлен...сени капыр ий дейтлек алардыда Аллах жаратканго алар деле адам..мусульман болгонуна шугур кыл мусульман бир тууган.
+1
Firdaus-Muslim
2016-09-09 20:44:45
Кырсык каш-кабактын ортосунда. Кудай күтүлбөгөн кырсык балээлерден сактасын.
0
zahira
2016-09-09 21:03:17
Manas230595, Балким маркумдардын арасында дагы мусулмандар бардыр биз аны кайдан билебиз. Кыргыздын баарыле мусулман эмес да арасында христианы, динсизи,адашкан агымдагылары бар.
+1
zahira
2016-09-09 21:06:06
Эмнеси болсо да жаман болуптур жакындарына сабыр тилейм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан