КҮНСЕРЕП: Каримовдон улам Назарбаев мураскер камдай баштады

Бүгүн, 9-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Өзбекстанды келерки 5 жыл ким башкарары алдын ала белгилүү болду. Кечээ өлкөнүн парламенти президенттин милдетин убактылуу аткаруучу катары 2003-жылдан бери премьер-министр болуп келе жаткан Шавкат Мирзийоевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды. Эми 4-декабрда президенттик шайлоо өтүп, ал толук кандуу президент болору күтүлүүдө. Өзбекстандын Конституциясына ылайык, аракеттеги президент өз милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттери менен ыйгарым укуктары 3 айга Олий Мажлистин төрагасына жүктөлөт. Демек, өзбек парламентинин төрагасы Нигматилла Юлдашев президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болушу керек эле. Бирок ал белгисиз себептерден улам баш тартканы айтылууда. Өзбекстандын Баш мыйзамында “премьер-министрди депутаттар убактылуу президенттин милдетин аткаруучу катары шайлайт” деген норма жок. Мирзийоев Баш мыйзамды бузуу менен президенттин милдетин аткарууга отурганын өзбек коомчулугу, ММКлары сөз кылбай, үн-сөзсүз кабыл алышты. 3 айдан кийин президентти шайлоо деле азыркыдай Баш мыйзамдын негизинде эмес, өлкөнү уучунда кармап турган топтун кызыкчылыгына жараша өтүшү мүмкүн... Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга келген башка өлкөлөрдүн башчыларын тосуп алууда Шавкат Мирзийоев өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүп жатты, басылмаларда анын аты башкалардыкына караганда көбүрөөк айтылды. Ислам Каримовдун башкаруусунда 11 жыл бою премьер-министр болуп иштеген Мирзийоев анын саясатын улантарын парламентте сүйлөп жатып айтты. Бирок Каримов каза тапкандан бир жума өтпөй күйөө баласынын бизнесин текшерүү башталганына караганда анын үй-бүлөсү мурдагы салмагы менен таасирин жоготору анык. Албетте, бийликке жаңы адамдардын келиши менен рынокту бөлүштүрүү башталат. Демек, кызыктар али алдыда. Коркунучтуу жери, Борбор Азиянын эң калктуу мамлекетинде туруктуулук сакталбай калып, жарандык согуш башталып кетсе, терс таасири коңшу өлкөлөрдүн баарына тиет...

Каримов сыяктуу эле эгемендүүлүк алгандан бери бийликтен кетпей Казакстанды башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаев шашылыш чара көрө баштады. Казакстандын президенти мураскер катары калтыргысы келбеген адамды премьер-министр катары узак убакыт кармоо кооптуу экенин Өзбекстандын мисалында өз көзү менен көрдү. Карим Масимовду өкмөт башчылыгынан кетиргенин ушундай түшүнүүгө болот. Масимов премьер-министр болуп ‎‎2007-2012-жылдары, ‎‎2014-2016-жылдары жалпысынан 8 жыл иштеген. Казакстанда коңшу Өзбекстандагыдай кырдаал түзүлүп калса, Мирзийоев сыяктуу президенттин убактылуу милдетин аткаруучу, анан толук кандуу президент болушу мүмкүн эле. Ошентип, кечээ, 8-сентябрда Нурсултан Назарбаев Карим Масимовду Улуттук коопсуздук комитетине төрага кылып дайындап, курамга өзү алып барып тааныштырды. Тажрыйба көрсөткөндөй, премьер-министрдин креслосунан кийин президенттикке өтүү жеңилирээк. Премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруу жоопкерчилиги биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагинтаевге жүктөлдү. Жакынкы күндөрү Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева өкмөттүн жетекчилигине келет деп күтүүгө болот. Ал Карим Масимовдун өкмөтүндө 2015-жылдын сентябрь айынан бери премьердин орун басары катары иштеп келе жаткан...

Үңкүр-Тоодон өзбек милициясы тарабынан кармалып, 22-августтан бери Өзбекстандын камагында отурган 4 жаран кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. 20 күндөй эки тараптуу сүйлөшүүлөр ар кандай деңгээлде жүргүзүлүп, убактылуу токтотулуп, анан кайра жанданып, акыры жыйынтык чыкты. Кыргыз жарандарын бошотууда өзбек тарап көздөгөн кайсы максатына жетти? Буга чейин Өзбекстан үч талап койгон эле: Орто-Токой суу сактагычындагы кыргыз милициясынын постун алып салуу, ал жакта жашаган Өзбекстандын 32 адамына электр энергиясын берүү жана аларга баруу үчүн коридор ачып берүү. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы өзбек тараптын бир да талабы аткарылбаганын маалымдады. Чек ара кызматынын маалыматында 3 аптадан бери сөзгө келбей жаткан Өзбекстандын пикиринин өзгөрүүсүнө эмне түрткү болгону айтылган жок. Муну менен Үңкүр-Тоодогу абал өзгөрүп кете элек. Тоону кайтарууга алган өзбектердин милиция кызматкерлери кетишкен жок. Кыргыз мамлекетинин Өзбекстан менен толук такталып бүтө элек чек ара аймактары бар. Талаштуу аймактардын чегин тактоодо Каримовдон кийинки бийлик кандай позицияда болот? Кийинки жетекчи өз элинин колдоосуна арзуу үчүн мурдагыдан катаал позицияны карманышы мүмкүн деген кооптуу жоромолдор бар...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан