Бүгүн, 10-сентябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында 2 беттеш орун алат. Чемпиондук үчүн ат салышып жаткан "Дордой" футболдук клубу беттешин Кара-Балтада, бишкектик "Алга" Жалал-Абад шаарында өткөрөт.
Бул эки оюнда тең коноктор жеңишти камсыздап, 3 упай алуу максатында майданга чыгышмакчы, себеби кечээ "Алайдын" футболчулары Бишкекте "Ала-Тоону" утуп, 3 упайга ээ болушту. Муну менен "алайлыктардын" упайы 32ни түзүп, негизги атаандашы "Дордой" 3 упай, "Алганы" 5 упай артта калтырды. Командалар бул айырмачылыкты кыскартуу аракетин кызуу көрүшмөкчү.