Түркиянын Анталия шаарындагы мончолордун бири текшерүүгө алынып, Кыргыз өлкөсүнүн 3 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда түркиялык басылмалар жазышты.
Жергиликтүү полициянын маалыматында, Ататүрк кең көчөсүндө жайгашкан мончолордун бири текшерилген. Анда 25 жаштагы Назира О., 21 жаштагы Ализя Т. жана 26 жаштагы Зинагүл К. аттуу кыздар кармалган. Алардын Кыргыз Республикасынын жарандары экени жана Түркиянын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөнү аныкталган. Учурда алар полиция бөлүмүнө жеткирилип, депортация кылуу маселеси каралууда.