Бүгүн, 10-сентябрга караган түнү Орусиянын Сочи шаарында "Жаңы толкун-2016" музыкалык сынагынын жыйынтыктоочу гала-концерти өтүп, жеңүүчүлөрдүн ысымы расмий аталды. Концертте белгилүү чет элдик жана орусиялык ырчылар Стинг, Филипп Киркоров, Николай Басков, Нюша, Валерия, Ани Лорак жана башкалар өз репертуарындагы ырларды аткарышты. Андан соң баары күткөн жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталды. Ага ылайык, хорватиялык Дино жана италиялык ырчы Вальтер Риччи биринчи орунду ээледи. Ал эми биринчи орунда бара жаткан украиналык ырчы Галина Безрук экинчи орунду ээлеген. Мекендешибиз Нурсултан Азыкбаев төртүнчү орунду камсыздаган.
Мекендешибиздин менеджери Иззат Молтоевдин айтымында, Нурсултан өз талантын жогорку деңгээлде көрсөтө алган. "Эл аралык сынакта алдынкы бештикке кирүү да чоң жетишкендик. Буюрса, Нурсултан Бишкекке келери менен сынак кандай өткөндүгү тууралуу кенен маалымат беребиз. Нурсултанды колдогон бардык мекендештерибизге, күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз", - деди И.Молтоев.
Ал эми "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамы орусиялык ырчы Ясенияга ыйгарылды. Соңунда катышуучулар салтка айланган "Жаңы толкун" сынагынын расмий гимнин аткаруу менен концертти жыйынтыкташкан.