Бүгүн, 10-сентябрда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы Паралимпиада оюндарында пауэрлифтинг боюнча мелдештер өтүп жатат. 54 килограмм салмакта мелдешке катышкан спортчубуз Эсен Калиев 5-орунду ээледи.
Олимпиада оюндарынын расмий сайты кабарлагандай, 154 килограмм келген штанганы көтөрүүдө аны ийгилик коштогон жок. Бул салмакты ал экинчи аракетинде багындырды. Андан кийин 163 килограммды көтөрүүгө аракет кылып, бирок ийгиликтүү боло алган жок. Жыйынтыгында ал 5-орунду ээлеп калды.
Бул салмак категориясында алтын медалды нигериялык Эзуруйке Роланд тагынды. Ал 200 килограмм салмактагы штанганы көтөрүп, рекорд койду. Күмүш медалды кытайлык Ванг Жиан тагынса, коло медалдын ээси болуп грециялык Дмитриос Бакохристос табылды.
Кошумчалай кетсек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндарына 3 спортчубуз катышууда. Эми 15-сентябрда пауэрлифтинг боюнча 107 килограммга чейинки салмак категориясында Жыргалбек Орозбаев күчүн сынайт. Ал эми Арстанбек Базаркулов ядрону түртүп ыргытуу боюнча мелдешке 12-сентябрда, токмок ыргытуу боюнча мелдешке 16-сентябрда катышат.