ЭЛДИК ВИДЕО: II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземиндеги мыкты чыгарма

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышындагы чыгарма" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella).

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде комузчу Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаеванын "Маш ботой" күүсүн комуз менен скрипканын коштоосунда аткарып чыкканы интернетте өтө популярдуу болууда. "Эң сонун, мыкты аткаруу, азаматтар!" деген колдонуучулар көп. Көпчүлүктүн купулуна толгон чыгарма тууралуу Нурайым Азыкбаева төмөнкүлөргө токтолду:

"Комуз менен скрипканы айкалыштырып чыгарма жаратуу Назбекке таандык. Ал 2 жылдан бери айтып, пландап жүргөн эле. Буйрук экен, Көчмөндөр оюндарына туура келди. 8 айдан бери күнү-түнү даярданып жаттык. "Маш ботой" чыгармасын жаштар эски чыгармаларды унутуп калбасын деп тандап алып, ага жаңычылдык киргизгенге аракет кылдык. Көчмөндөр оюндарын 1 миллиардга жакын адам көрдү. Кыргыз эли кандай улуу эл экенин, маданияты жогорку деңгээлде экенин биздин чыгармалар аркылуу билет эмеспи, андыктан мыкты чыгарма көрсөтүүгө аракет кылдык. "Мээнет кылсаң баары болот" дегендей, азыр чыгарма тууралуу жакшы ой-пикирлерди угуп жатабыз. Алдыда дагы кыргыз элине дем берген чыгармаларды жаратуу ниетибиз бар".

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alixan-Nookat.2015
2016-09-10 15:20:12
Омарда Кыргызстаным ырын ырдаганда жакшы кабыл алышып бийлеп отурушту. Нурайым менен Назбектин аткаруусунада соз жок азаматтсынар!
+5
Darin
2016-09-10 15:41:55
Ойии Нурайымдын уну сонунго. Баракелде!!!
+2
Shat.88
2016-09-10 16:04:45
Укмуш иии коргонда корбогонда арманда негизи эле чет элдиктер кыргыздар ырдап атышканда элдин маанайы колдоосу укмуш болду
+1
edem98
2016-09-10 17:14:06
Аяна эмне ырын ырдады кызык
+1
Keremet008
2016-09-10 17:36:45
Назбек деген Нурайымдын жолдошубу?
0
dastan_nookat
2016-09-10 17:40:59
Мр3 си болсо супер болмок да?
0
Sagy
2016-09-10 18:24:12
dastan_nookat, мр3 кылыш оной. Бул жерден сайттарды жазууга бобойт. Почтага кайрыл, айтып берем.
0
gulsin
2016-09-10 20:37:17
Азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан