Ысык-Ата районунда уурулукка шектелген Бишкек шаарынын тургуну кармалды

Ысык-Ата районунда уурулукка шектелген Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-июнь күнү милиция кызматкерлерине Милянфан айылынын 51 жаштагы Ф.М. аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адам үйүнүн жанында токтоп турган унаасынын аккумуляторун уурдап кеткенин айткан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ууру издөөгө алынган. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан