Эки ай мурун Чычкан дарыясына унаасы менен түшүп кеткен айдоочунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн издөө иштерине 5 куткаруучу жана туугандарынан 8 адам тартылган. Анын негизинде 46 жаштагы Б.Бнын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Айта кетсек, 14-июль күнү саат 06:30 чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп, айдоочу агып кеткен. Буга чейин издөө иштерин Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүп келишкен, бирок натыйжа болгон эмес.