Рио-2016: Паралимпиада оюндарында жеңил атлет Арстанбек Базаркулов 9-орунду ээледи

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында Паралимпиада оюндары кызуу өтүп жатат. Кыргыз спортчусу Арстанбек Базаркулов жеңил атлетика боюнча мелдеште 9-орунду ээлеп, байгеден куру калды.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, спортчу ядро ыргытуу боюнча мелдешке катышкан. Анда ал ядрону 7,39 метр аралыкка ыргытып, 9 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи.

Бул мелдеште марокколук Азеддин Нуири алтын медалды тагынса (11,28 метрге ыргытты), күмүш медалды катарлык Абдулрахман Абдулкадыр Абдулрахман (11,15 метр) багындырды. Колону колумбиялык Маурисои Валенсия алды (11,1 метр).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан