7-сентябрда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндары старт алган. 18-сентябрга чейин созула турган мелдешке 176 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышып жатат. Анда жалпысынан 22 спорт түрүнөн 528 комплект медаль ойнотулууда. 12-сентябрга карата көрсөткүч боюнча Кытай 92 медаль утуу менен командалык эсепте 1-орунду ээлеп турат. Алдынкы ондукка КМШ өлкөлөрүнөн Украина жана Өзбекстан кирди. Медаль алган мамлекеттердин саны 70ке жетти.
1. Кытай – 92 медаль (39 алтын, 30 күмүш, 23 коло)
2. Улуу Британия – 56 медаль (23 алтын, 14 күмүш, 19 коло)
3. Украина – 49 медаль (18 алтын, 13 күмүш, 18 коло)
4. АКШ – 39 медаль (13 алтын, 15 күмүш, 11 коло)
5. Бразилия – 24 медаль (6 алтын, 11 күмүш, 7 коло)
6. Өзбекстан – 21 медаль (6 алтын, 4 күмүш, 11 коло)
7. Австралия- 27 медаль (5 алтын, 10 күмүш, 12 коло)
8. Голландия – 24 медаль (5 алтын, 8 күмүш, 11 коло)
9. Германия – 16 медаль (4 алтын, 7 күмүш, 5 коло)
10. Тунис – 9 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 1 коло)