10-сентябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда 2 беттеш орун алды. Чемпиондукка башкы талапкер болгон бишкектик "Дордой" жана "Алга" клубдары башка шаарларга барып, үчтөн упай алып келишти.
Оюндардын жыйынтыгы:
"Кара-Балта"-"Дордой" - 0:2
Голдор: Дэвид Тетте, Азиз Сыдыков
"Алдиер"-"Алга" - 0:2
Голдор: Иван Филатов, Рамзи Набиев
Натыйжада "Дордой" 32 упайы менен 1-орунду Оштун "Алай" футболдук клубу менен бөлүшүп турат. Ал эми "Алга" алардан 3 упай артта келе жатат.
Мелдеш жадыбалы: