Режиссёр Алижан Насировдун "Ата-Бейит" тасмасы Татарстандын Казань шаарында өткөн эл аралык фестивалда "Мыкты кыска метраждуу даректүү тасма" наамын алган. Ошондой эле дагы бир мындай наам татар режиссёру Руслан Валеевдин "З/К" тасмасына ыйгарылган. Бул тууралуу Кыргыз кинематография департаментинин расмий сайтында маалымдалат.
"Мыкты толук метраждуу даректүү тасма" наамы ирандык режиссёр Мехди Ганжинин "Хан болгум келет" тасмасына ыйгарылган. "Мыкты анимациялык тасма" орусиялык режиссёр Алена Ребезованын "Долесу" фильмине ыйгарылган.
Белгилей кетсек, XII Казань Эл аралык мусулман кинофестивалы Татарстан өлкөсүнүн борбор калаасында ушул жылдын 5-сентябрынан 11-сентябрына чейин өткөн. Фестивалга Кыргыз өлкөсүнөн "Атанын керээзи" жана "Ата-Бейит" тасмалары катышкан.