Түркиянын Ван аймагында катуу жардыруу болуп, 48 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруу кечээ, 12-сентябрда өлкөнүн чыгыш тарабында жайгашкан Ван аймагында орун алган. Анда провинциянын башкармалыгынан 200 метр алыстыкта токтотулган унаа жарылган. Жалпы 48 адам жабыркап, алардын ичинен экөө полиция кызматкери экени айтылууда.
“Жабыркагандардын ичинен эки адамдын абалы оор. Жардыруу “Акыйкат жана өнүгүү” партиясынын аймактык бөлүмү жайгашкан имараттын жанында болгон. Жарылуу болгон аймактагы турак жайлардын айнектери да талкаланды”, - деп айтылат маалыматта.