“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан жасалма паспорт менен Казакстандан өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-сентябрда 1969-жылы туулган А.С. аттуу өзбек жараны жасалма паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.