"Манас" эпосу тажик тилине которулуп, 500 нускада басылып чыкты

Кыргыздын улуу "Манас" эпосу тажик тилине которулуп, 500 нускада басылып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда маалымат жыйынында белгилүү болду. Мындай тарыхый, маданий-адабий долбоорду Кыргыз өлкөсүндөгү тажиктердин Абуабдулло Рудаки атындагы коомдук бирикмеси демилгелеп чыккан. Аталган бирикменин жетекчиси Равшанбек Сабировдун айтымында, кыргыз жана тажик элдеринин достугу миң жылдыкты өзүнө камтыйт.

"Мунун айкын далили катары "Манас" эпосунда айкөл баатырдын жары Каныкей (Санирабига) тажик кызы катары сүрөттөлгөн. Китептин негизин улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин варианттары түзөт. 1970-жылдары бул вариантты тажик тилине маркум Аслам Адхам которгон. Ал Тажикстандагы эң мыкты котормочу акын болгон. Ошондой эле ал кыргыз тилин жакшы билип, чыгарманы түп нускасынан которгон", - деп билдирди Р.Сабиров.

Белгилей кетсек, китеп акысыз таратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан