МЕДИА-ПОРТАЛ: "НурЧолпонду элге таанытуу үчүн жөнөкөй клиптерди тартканбыз" дейт Сүйүн Откеев "Айтчы, жаным" клиби тууралуу

Кыргыз шоу дүйнөсүнө жаңыдан гана аралашканына карабай ырчы НурЧолпон чыгармалары менен күйөрмандарын кубантууда. Ушул жумада SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмү ырчынын дагы бир "Айтчы, жаным" ырынын клиби менен толукталды. Ырчынын продюсери Сүйүн Откеев клип жөнөкөй чыгармалардын катарын толуктаарын, учурда ырчынын башка эмгектеринин үстүнөн иштеп жатканын айтып, буларга токтолду:

"Алгач НурЧолпонду интернет ааламында, элге таанытуу үчүн трек сыяктуу, сюжети жок жөнөкөй клиптерди тартканбыз. "Айтчы, жаным" ырынын клиби да ырчы чыгармачылыкка эми гана кадам таштаганда тартылган клип болчу. Эми ал өзүнүн автордук чыгармаларын жаздыра баштады, андыктан ырына, ырдын маанисине төп келген клип тартууну пландап жатабыз. Буюрса, жакында НурЧолпондун күйөрмандарын жаңы ыр, клип менен кубантабыз".

НурЧолпондун "Айтчы, жаным" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2016-09-13 18:46:04
Чыгармачылык ийгилик каалайм аябай жагат ырдаганы!
-2
etaj_rus79
2016-09-14 02:33:38
нурчолпон алга келечекте ийгиликтер колдосун
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан