Бүгүн, 13-сентябрда "Медиа-портал" бөлүмү Алмаз Шаадаевдин "Фаридам" ырынын жаңы клиби менен толукталды. Клипте башкы каармандардын образын SUPER.KG порталынын журналисти Максат Орозумбетов жана актриса Нуриза Бурханова жаратышкан. Ырчы клипти тартуу процесси кызыктуу болгонун айтып буларга токтолду:
"Фаридам" ырын Асылбек Өзүбековдун уруксаты менен ырдап чыктым. Актёр-актрисаларды аябай кылдаттык менен талдап жатып, көзү курч, көз карашы өткүр деп бир ооздон Максат Орозумбетовду тандап алдык. Кыздардан Нуриза Бурхановага токтолдук. Баары өз ишин мыкты билген профессионалдар болгондуктан, тартуу процесси аябай кызыктуу болду. 2 күндө тартып бүттүк. Башкы каарман Максаттын фобиясы унаа айдоо экен. Бирок ага карабай фобиясын жеңип, оор жүк ташуучу унааны аябай ачууланып айдап бараткан учурун тартуу да кызык болду. Анан да актёрлорду 10 жылга макияждын жардамы менен карыттык. Жыйынтыгында кызыктуу окуяларга толгон, түрдүү боёкторго боёлгон жакшы клип жарата алдык деп ишеничтүү айта алам".
Алмаз Шаадаевдин "Фаридам" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.