Мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш ардагерлеринин арасында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катышат. Мелдеш 7-9-октябрь аралыгында Польшанын Варшава шаарында орун алмакчы.
КРнын Күрөш федерациясынан кабарлашкандай, ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында 2 спортчу катышат. Мелис Турганбаев 76 килограмм салмакта күчүн сынаса, Дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков 97 килограмм салмакта килемге чыкмакчы.