Динара Акулованын жеке концерти "Сага гана" ыры менен жыйынтыкталды

Динара Акулованын "Сиз күткөн күздөн ыр десте" аттуу жеке концерти "Сага гана" ыры менен жыйынтыкталды.

21:30. Көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеткен Малика Дина "ушундай апам бар экенине сыймыктанам, рахмат айтам" деп бүгүнкү концерттин урматына жаңы чыгармасын тартуулады. Азыр Динара Акулова шаңдуу ырдап жатат.

21:15. Динара Акулова Өктөм Сапар уулу менен бирге "Өмүр" ырын аткарды. Андан соң Өктөм Сапар уулу "Эч кимге теңебейм" ырын ырдады. Учурда сахнада Малика Дина ырдап жатат.

20:50. Бүгүнкү кеченин дагы бир сүйкүмдүү коноктору "Ак шоола" балдар хорунун мотурайган балдар-кыздары болушту. Алар сахнага чыгып жагымдуу ырдап-бийлегенде отурган көрүүчүлөр кол чаап колдоп турушту. Андан соң балдар Динара эжекесин сахнага чакырышты. Ырчы алар менен ырдагандан кийин Кайрат Примбердиев "Жакшы көрөм өзүңдү" чыгармасын аткарып чыкты.

20:30. Концерттин экинчи эстрадалык бөлүгүндө ырчылар Султан Садыралиев, Гүлжигит Калыков, Кенже Көбөкова өз репертуарындагы ырларын аткарышты. Андан соң "Автобустагы махабат" ыры менен сахнага Курал Чокоев чыкты.

20:15. Динара Акулова концертинде Токтобүбү Черикчиева менен дуэт аткарган соң, "күн салкындаса да сиздерди жайлоого барып эс алып келүүгө чакырам" деп эл жүрөгүнөн түнөк тапкан "Жайлоодо" жана башка белгилүү чыгармаларын аткарды. Андан соң концерттин эстрадалык бөлүгү башталды.

19:50. Чырмаш Төрөбеков, Кутман Жолдошов "Кантың бар" чыгармасын залдагы элдин кол чабуусунда ырдашты. Андан соң "Ырдалып бүтпөйт махабат" ыры Султан Каримов менен Динара Акулованын аткаруусунда жаңырды. Терең философиялык мааниге ээ, сөзү Жолон Мамытовго, обону Калмурат Рыскуловго таандык "Адамдарга кайрылуу" чыгармасын Кундуз Таштаналиева комуздун коштоосунда аткарды. Залдагы элдин кай бири ойго түшүп, башкалары кыңылдап кошулуп ырдап жатышты. Андан кийин сахнага чыккан Замир Арыкбаев "Суранам" ырын аткарды.

19:30. Динара Акулова "Ажайып сезим", "Эльмира" ырларын аткарган соң эл алдына Кутман Жолдошов чыгып, Арзыбек Бедияровдун "Ошондогу сезим" чыгармасын тартуулады. Ал эми азыр Динара Акулова "Ак толкундар" чыгармасын аткарууда.

19:20. Дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда сахнага кеченин ээси Динара Акулова чыкты. Ырчы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда чыгармаларын жандуу аткарып жатат.

19:18. Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри өнөрүн тартуулоодо. Концертин өткөрүп жаткан ырчы Динара Акулова азырынча сахнага чыга элек.

19.12. Учурда концертин коногу Султан Каримов "Аялзат" ырын ырдап жатат.

19:05. Сахнага алып баруучулар чыгышып, концерт башталганын жарыялашты. Учурда Динара Акулованын чыгармаларын попурри кылып, скрипканын коштоосунда Асия Жылкыбаева күйөрмандарга тартуулоодо.

18:55. Динара Акулованын "Сиз күткөн күздөн ыр десте" аттуу концерти 25 мүнөт кечигип башталды. Алгач ырчынын чыгармачылыгы тууралуу видео көрсөтүлдү. Анда кыргыздын белгилүү инсандары Улукмырза Полотов, Дарика Жалгасынова, Сардарбек Жумалиев, Бактыбек Мамытов жана башкалар ырчы кыргыз шоу дүйнөсүндө өз ордун татыктуу тапканын, ар дайым эл кызматында жүргөнүн белгилешип, ырчынын дарегине карата көптөгөн мактоо сөздөрдү айтышып, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты. Андан соң сахнага чимириле бийлеген бийчилер чыгышты.

18:50. Бүгүн, 13-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова "Сиз күткөн күндөн ыр десте" аттуу жеке концертин өткөрүп жатат. Учурда залга эл акырындык менен жайгашып, өз орундарын ээлешүүдө. Дагы бир нече мүнөттөрдөн соң ырчынын күйөрмандары жагымдуу чыгармаларга күбө боло алышат.

Динара Акулованын жеке концерти "Жайлоодо"
Динара Акулованын жеке концерти. "Ак шоола" балдар хору
Талант менен эл оозуна алынган Динара Акулованын концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sumaikaa15
2016-09-13 21:31:42
сиз күткөн күздөн ыр дестеби же сиз күткөн күндөн ыр дестеби концерттин аталышы
0
Mali-Guli
2016-09-13 22:04:38
концерттин денгээли ото томон! Ашар концерт! Эс алгандын ордуна чаарчап чыктым! Эч кандай жанылануу деген жок! чар жайыт болду......
+3
Patriot...kg
2016-09-13 22:28:12
Эл жокко эл
+2
Ibrosh00
2016-09-13 23:00:04
Ушул рысцы мага аябай жагат да
0
Tiguuchu
2016-09-13 23:23:09
Динара Акулова постоянно жеке концерт деп алып,ашар концерт берет.Негизи Кыргыз ырчылар баары ошондой,коноктору эле коп.Орус,дуйнолук ырчылар только озу ырдайт,
+5
Kanzada97
2016-09-13 23:42:24
Негизи концерт ото эле жага бербейт. Отура берсен зээригип эле кетесин ырдай берселер.
0
aszyma
2016-09-14 00:07:46
Толик сынчы катырып сынап жазып чыгарып коюнуз?келерки санга. Кутобуз...
+8
aminali
2016-09-14 09:22:08
Толик сынчы мага связга чыксаныз куйорманын кандай сындырганын айтып берем(((((((Капа болдум корбой кетип калдым,экинчи бир да ырын уксам ит болойун.Тез Тез кетип калчы((((((ушинтип да айтабы гулду сага арнап сенин туулган кунуно алыстан темтендеп ТАЛАНтынды сыйлап алып келгем Коз караш жестинди эми суроттобой эле койоюн.((((((((((((!!!
+1
Izdeim_seni.
2016-09-14 14:04:04
Айчурок¡Алина подружкелери келген жокбу
0
UlukmanKalyev
2016-09-14 16:56:00
Abdimalik Shermatov Dinarany men sahnaga alyp chykkam degeni esimde.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан