Чемпиондор Лигасында бүгүн "Лестер" дебют жасайт, футболчу Криштиану Роналду өзү тарбияланган "Спортингге" каршы ойнойт (анонс)

Бүгүн, 14-сентябрда футбол боюнча ири мелдеш - Чемпиондор Лигасында 1-тур оюндары орун алат. Анда "E", "F", "G", "H" жана "C" тайпаларындагы командалар өз ара ойношот.

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду өзү тарбияланган "Спортинг" клубуна каршы ойнойт. Англиянын чемпиону "Лестер" дебюттук беттешинде "Брюгге" клубуна каршы турат. Ошондой эле
жаан-чачынга байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган "Манчестер Сити"-"Боруссия" беттешине күбө боло алабыз.

Бардык беттештерге Бишкек сааты боюнча 00:45те старт берилет.

“Байер” (Германия) – ЦСКА (Орусия)

“Тоттенхэм” (Англия) – “Монако” (Франция)

“Реал” (Испания) – “Спортинг” (Португалия)

“Легия” (Польша) – “Боруссия” (Д, Германия)

“Порту” (Португалия) – “Копенгаген” (Дания)

“Брюгге” (Бельгия) – “Лестер” (Англия)

“Ювентус” (Италия) – “Севилья” (Испания)

“Лион” (Франция) - “Динамо” (Загреб, Хорватия)

“Манчестер Сити” (Англия” – “Боруссия” (М, Германия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot...kg
2016-09-14 10:37:37
Реалга ийгилик! Буйруса Роналдудан 2-гол кутом
+4
omurbekFCB
2016-09-14 12:22:31
Ийгилик
+2
maks13
2016-09-14 12:54:44
Роналдодон хет трик кутом
+3
uran98
2016-09-14 18:11:31
Роналдудан гол пас күтөм

зашитниктерден да
+2
maisalbekrma
2016-09-14 20:07:37
роналдодон дагы ким эмнени кутуп жатат.))
+1
Turdakun85
2016-09-14 22:59:03
Реал утат бирок Роналдуга ыңгайсыз болот го менимче ушул клубдан өсүп чоңойгон да
+1
elmurat.kg
2016-09-15 01:25:06
админ 16-сентябрдабы азия чемпионаты до17лет...Кыргызстан вс австралия экен...кабар бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан