Москвада 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча изделип жаткан башкы инженер кармалды

Москвада 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча басмакананын башкы инженери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда орусиялык басылмалар Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Антон Яцков менен байланышууга мүмкүн болгон. Мындан улам ал укук коргоо органдарына келүү чечимин кабыл алган, бирок ага коюлган күнөөлөр негизсиз экенин айтууда”, - деп айтылат Тергөө комитетинин маалыматында.

Буга чейин "Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин укук коргоо органдарына өзү келип, күнөөсүн мойнуна алган. Кийин ал эки айга тергөө абагына киргизилген болчу.

Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам “Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Maha-0711
2016-09-14 09:23:10
кунооолуулор жазасын алышы керек!
+2
omu
2016-09-14 11:45:58
калган учоо кимдер экен?
0
rahatov
2016-09-14 14:08:55
инженерде эмне куноо заманга жараша адамдар ичи таар боло баштады аны каматып уй булоосун ким багат кичине кечирумдуу болсок жакшы болмок
0
Adi.Avazbekov
2016-09-15 01:43:25
rahatov,emne dep jazgansyn. Erejeni saktash kk bolchu. 17 adamga boorun oorubai jataby14 kyrgyzdyn omurun aldy osholordun shalaa kylygynan konul kowtugunan. Jazasyn alyw kk l. Kechirimduu bolo ber sen. Jakynyn kaza bolgondo aita albait bolchusun.
0
Nariza
2016-09-15 13:49:23
rahatov,бул эмне дегениниз!!! Биздин энелердин коз жашычы. Баланды кызынды жоготууу бул тиги дуйнодогу тозоктон да откон азап. Бир адам эмес 14 да болмок беле. Жадагалса откон кыздардын атаэнесин чакырып алдына салып талатып тыттырып туруп анан камап салса болчуудай болду го. Мен азыркыга чеин ичим куйот арасында эч кимим болбосо да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан