Сириядагы согушта 5 жыл ичинде 300 миң адам каза болгон

Сириядагы согушта 5 жыл аралыгында 300 миң адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Сириянын адам укуктары боюнча мониторинг жүргүзүү борбору айтып чыкты.

Маалыматка ылайык, согуштан улам акыркы 1 ай аралыгында 9 миң адам каза болгон. Ал эми укук коргоочулар жарандык согуш башталгандан бери 301 781 адам өлгөндүгүн айтышууда. Алардын ичинен 86 миң адам согушчан аскерлер эмес, жөнөкөй жарандар болгон. Мындан сырткары согуштун кесепетинен 15 миң жаш бала көз жумганын ушул мониторинг борбору аныктаган. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен өкмөттүн күч түзүмдөрүнөн 59 миң аскер, ал эми коңшу өлкөлөрдүн 48 миң аскери көз жумганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2016-09-14 10:38:52
az go,2-duinoluk soguwka salywtyrmaluu
-8
aziziko
2016-09-14 10:45:50
Seryi-Kardinal,Эсине келчи Сириядагы жарандык согушту экинчи дуйнолук согушка салыштырбай
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан