Жети-Өгүз районунда сел жүрүп, 7 турак жайдын чарбалык курулуштарын суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оргочор айыл аймагына караштуу Талды-Булак айылында кечээ саат 19:10 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Кушбеков көчөсүндөгү 7 турак жайдын чарбалык курулуштарынын айланасына жана там аркаларына сел суулары кирген.
"КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын ыкчам тобу сел жүргөн жерге барып, тактоо иштерин жүргүзгөн. Жети-Өгүз айыл аймагы тарабынан 1 МТЗ-82 экскаватору тартылып, Тамды коктусунун сел өткөрүүчү каналынын 20 метр аралыгы казылып, жээктери бекемделүүдө", - деп айтылат маалыматта.