16 спорт түрү боюнча 9 мамлекеттин спортчуларынын катышуусунда "Эл аралык Ысык-Көл оюндары" мелдеши старт алды

13-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында 16 спорт түрүнөн XVI Эл аралык Ысык-Көл оюндары старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдештин ачылыш аземине агенттиктин директорунун орун басары Руслан Жуманазаров, Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев жана башкалар катышты. Мелдешке Венгрия, Германия, Казакстан, Латвия, Орусия, Түркмөнстан, Бангладеш, Мальдив аралдары жана Кыргыз Республикасынын спортчулары катышууда.

Мелдештин программасында армрестлинг, стритбол, волейбол, гиря көтөрүү, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, аймактык футбол, стол тенниси, кум үстүндөгү күрөш, кум үстүндөгү самбо, бука тартыш, сууда сүзүү, кум үстүндөгү волейбол, аркан тартыш жана массалык чуркоо сыяктуу спорт түрлөрү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bekbolsun98
2016-09-14 12:38:39
неме суйунчусун берейлиби
+8
Uragan07
2016-09-14 13:18:50
Ушуга окшош мероприятияларды Кыргызстандын башка облустарында откорсок болбойбу. Шылтоо менен кээ бир жерлер ондоп тузолор беле... Калган 6 облустун жерлери да жарайт мелдеш откоргонго. Менин жеке оюм.
0
Adidas_91
2016-09-14 14:00:01
Uragan07,туура айтат бир эле ыссык көлдө эле өткөзө бербей башка областардада өткөзүш керек болчу кичи аржак бержактар оңдолуп калмак
+1
edem98
2016-09-14 17:37:11
Ичинер куйуп олуп калдынар го:D
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан