"Жалгыз бир кезде жарк этти эске, /Жагоочон күндөр жадымдан чыккан. /Барайын дедим, бара алган жокмун,/ Карарган деңиз, агарган толкун". Мына ушундай саптары бар "Бара алган жокмун" ыры Түмөнбай Колдошовдун аткаруусунда кыска убакытта көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап, популярдуу болууда. Ырдын сөзү маркум акын Алым Токтомушевге, обону Түмөнбай Колдошовго таандык. Ал эми кечээ, 13-сентябрда "Медиа-портал" бөлүмү жогоруда аталган ырдын клиби менен толукталды. Ырчы "кан басымымды көтөрүп, сабырымды сынаган жолу татаал клип болду" дейт.
"Клип 3 ай мурун тартылган. Монтаждоо, майда-чүйдө иштери бүткүчө убакыт өтүп кетти. Алгач ырдын, обондун маанисин ачкан клип тартууну пландаган элек. Айрым себептерге байланыштуу биз ойлогондой тартылбай калды. Кудайга шүгүр, жыйынтыгында жакшы чыгарма жаралды. Эл сынына, назарына коюлду. Клип жарыкка чыккан соң ашыкча сюжети жок тартылганы жакшы болдубу деп ойлонуп калдым. Мүмкүн, анда ырдын, обондун маанисин бере албай калат белек. Негизи, обондун жаралышы татаал болгон эле. Андыктан клип да кан басымымды көтөрүп, сабырымды сынаган, жолу татаал чыгарма болду", - деп билдирди.
Түмөнбай Колдошовдун "Бара алган жокмун" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.