Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станциянын имаратын 1960-жылы кыргыздар төө менен шагыл, таш ташып курушканын SUPER.KG порталына бүгүн, 14-сентябрда Мамай айылынын айыл башчысы Качкын Таштанов билдирди.
Үңкүр-Тоо жана анын айланасындагы кыргыздар пайдаланып келген жерлер тууралуу айылдын тарыхын жакшы билген, 20 жылдан ашуун убакыттан бери айыл башчы болуп иштеп келген Мамай жана Устукан айылдарынын айыл башчысы, 60 жаштагы Качкын Таштанов айтып берди.
"Үңкүр-Тоонун жанында жайгашкан Мамай айылында 1930-жылдары менин чоң аталарым жашаган. Атамдын айтканына караганда, чоң атам эл башы болуп иштеген экен. Алар тоонун айланасында мал багып, жашоо-тиричилигин өткөрүп келишкен. Кийин 1936-жылдары колхоздоштуруу башталганда Кыргыз ССРинде "Кызыл трактор", Өзбекстанда "Кызыл байрак" колхоздору түзүлгөн. Ошол учурда суулуу жерлер өзбектердин "Кызыл байрак" колхозуна, ал эми Үңкүр-Тоо жана анын айланасындагы кайрак жерлер "Кызыл трактор" колхозуна тийген", - деп билдирди Мамай айылынын айыл башчысы Таштанов.
Маалыматка ылайык, 1960-жылдар аралыгында кыргыздар Үңкүр-Тоодогу телестанциянын имаратын курушкан. Учурда Үңкүр-Тоонун башында 45 гектар жер талашка түшүүдө.
Мамай айылынын жашоочусу, 75 жаштагы Турсунбек Ажибаевдин айтымында, азыркы учурда Өзбекстандын жери болгон Параман айылындагы Капалик деген 100 гектар жерди да кыргыздар пайдаланып келишкен. Ал жерлерди өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин өзбектер алып коюшкан.
"Бала кезимде тоонун айланасында мал кайтарып жүрүп чоңойдум. 1950-1960-жылдар аралыгында өзбектер тоого отун алганы келишчү. Айылдын боз балдары аларды отун алганга келтирбей кубалачубуз. Демек, бул тоо Кыргыз Республикасына карайт. Аны талашууга өзбек элинин эч кандай акысы жок. Үңкүр-Тоо тээ ата-бабадан калган мурасыбыз", - деди Ажибаев.
Учурда Үңкүр-Тоонун күн батыш тарабында Мамай, Устукан айылдары жайгашкан. Анда 9-класстын базасында 1 мектеп жана айылдыктарга 1 фельдшердик-амбулатордук бөлүм кызмат көрсөтөт. Аталган айылда 100 кожолук эл жашайт. Мамай, Устукан айылдары 1000 гектарга жакын жерди ээлейт. Айылдын элине Кербен шаарынан үлүш жер берилген.