Жыл башынан бери өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынан 567 адам каза тапты

Жыл башынан бери өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынан 567 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

"Акыркы 8 ай аралыгында өлкө аймагында 3667 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 567 адам каза тапса, 5690 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Былтыр жыл ичинде 4418 жол кырсыгы катталып, 680 адам каза таап, 6621 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алган. Жол кырсыктарынын келип чыгышына көпчүлүк учурда айдоочулардын жол белгилерине маани бербегендиги, жол эрежелерин одоно бузуулары себеп болууда”, - дейт Тилек Оторов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
UlukmanKalyev
2016-09-14 17:33:30
Арттары кайырлуу болсун. Ажал айттырбай келет.
+1
zamir-bek
2016-09-14 17:49:18
Урматтуу Тилек мырза айдоочулардын жол белгилерине маани бербегени же билбегени эмнени билдирээрине озунор ойлонуп кордунор беле. Жакшылап ойлонуп корсонор озунордун былыгынар чыгат да. Анткени силер акча берсе маймылга да праваны сатып атпайсынарбы. Сатып алган адам жол белгисин карайбы.
+1
Grand
2016-09-14 18:53:33
Праваны сатпаш керек, оң рулду жок кылыш керек.
Арттары кайырлуу болсун.
+1
Nendi15
2016-09-14 19:57:38
258 күндө 567 адам өлсө күнүнө 2ден 3 төн өтө эле көп да эх адамдар каттуу айдап шашып кайда барабыз?Бул катталганы а катталбай көмүлгөнү канчоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан