"2010-жылдагы Июнь окуяларына катыштыгы бар" деп издөөдө жүргөн эки жаран Орусиядан кармалды

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери "2010-жылдагы Июнь окуяларына катыштыгы бар" деп издөөдө жүргөн адамдарды колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери алынган маалыматтын негизинде Москва шаарынан 51 жаштагы Б.Мамасадык аттуу жаранды кармашты. Аталган жаран Сузак РИИБи тарабынан "2010-жылдагы Июнь окуяларындагы массалык баш аламандыкка катыштыгы бар" деп издөөдө жүргөн. Ал буга чейин Москва шаарында эмгектенип келген. 12-сентябрь күнү Москва ОИИБинин кызматкерлери менен ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү биргеликте ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, аны колго түшүргөн. Ага карата 2010-жылдын сентябрь айында "мыйзамсыз сатуу, өткөрүү, сактоо, курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды өткөрүү жана ташуу", "массалык баш аламандык уюштуруу", "адам өлтүрүү", "бирөөнүн мүлкүн жок кылуу", "талап-тоноочулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүнү суракка алганда, Базарбай Баратов аттуу жаранга жазылган жасалма паспорт табылган. Паспорт ээси анын жакын тууганы экени маалым. Азыркы тапта кылмышка шектүү кармалып, аны КРга экстрадициялоо маселеси каралат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 26 жаштагы Э.И. аттуу Сузак районунун тургуну кармалды. Ага карата 2010-жылы "кызмат ордун өзүм билемдикке салып таштап кетүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Сузак РИИБи тарабынан издөөдө жүргөн. Азыркы тапта Э.И. камакка алынган. Кармалгандарды КРга экстрадициялоо маселеси боюнча Башкы прокуратура алектенмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
etaj_rus79
2016-09-15 00:15:30
эмне учун аты жонун толук жазбайсынар кылымышкер болгондон кийин эл билсинда ким экенин
0
Arslan12
2016-09-15 00:47:00
Аты жонун жазсанар жакшы болмок квартирага келгенде дагы карап кармаганга жардам болмок, эми ушулардын шылтоосу менен квартираларды текшерип башкаларга эле кыйын болду!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан