15-сентябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын алкагында 9 футболдук беттеш орун алды. Бул күнү "E", "F", "G", "H" жана "C" тайпаларындагы командалар өз ара ойношту.
Криштиану Роналду менен Альваро Мората беттеш аягында жеңиш голдорун киргизип, "Реал" футболдук клубуна алгачкы 3 упайды алып келишти. Сенсация менен өткөн жылы Англия
Премьер-лигасын уткан "Лестер" лигада ийгиликтүү дебют жасап, конокто ишенимдүү жеңишке жетишти.
Бул күнү эң ири эсептеги жеңишти дортмунддук "Боруссия" камсыздады. Дортмунддуктар "Легиянын" дарбазасына 6 гол киргизишти. Орусиялык ЦСКА болсо 2 гол айырмачылыгында утулуп жатып, эсепти теңегенге жетишти.
“Байер” (Германия) – ЦСКА (Орусия) - 2:2
“Тоттенхэм” (Англия) – “Монако” (Франция) - 1:2
“Реал” (Испания) – “Спортинг” (Португалия) - 2:1
“Легия” (Польша) – “Боруссия” (Д, Германия) - 0:6
“Порту” (Португалия) – “Копенгаген” (Дания) - 1:1
“Брюгге” (Бельгия) – “Лестер” (Англия) - 0:3
“Ювентус” (Италия) – “Севилья” (Испания) - 0:0
“Лион” (Франция) - “Динамо” (Загреб, Хорватия) - 3:0
“Манчестер Сити” (Англия” – “Боруссия” (М, Германия) - 4:0