Бишкекте уурулукка шектелген 18 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 25 жаштагы кыз кайрылып, чала тааныш кыз зер буюмдарын жана ноутбугун уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Н.Н. кармалган.

Ал алгач жабырлануучунун үйүнө ата-энеси кууп жибергенин, акчасы, жашаганга үйү жок экенин айтып келген. Жабырлануучу аны аяп үйүнө киргизип алган, бирок көп өтпөй тиги кыз алчусун алып качып кеткен. Башында Балыкчы шаарына барып, кийин Нарын облусунда жашырынып жүргөн”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Boldukan86
2016-09-15 08:54:51
олотго
+2
sagyndym90
2016-09-15 09:06:14
Жакшылыкка жамандык деп ушуну айтат.
+7
UlukmanKalyev
2016-09-15 09:16:37
Мыйзамдын негизинде жазага тартуу зарыл башкаларга сабак болгудай кылып.
+8
salimbek87.kg
2016-09-15 10:04:45
ХХХ бул ХХХ азыркы учурда бир козун Экинчи козуно ишенбей калдыгоо.Эх келечектеги эне боло турган ке бир кыздарыбыз ушинтсе кандай болот.
+4
admin_portal
2016-09-15 10:28:00
salimbek87.kg, этика нормаларын сактаңыз!
0
Belek2070
2016-09-15 10:06:09
Озу туудон бузулган жаман ою бар кыз экенда.
+2
Rifle_S
2016-09-15 10:18:39
Ата энеси эмнеге кууп салды экен ? Жаш кызды тарбиялаш керек, байкуш жашоодон кыйынчылык көрүп анан бул жолго барган окшойт.
+2
ozgeldi
2016-09-15 11:08:19
Ойииии шумдуктуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан