Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-август күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 31 жаштагы шаар тургуну кайрылып, үйүнүн жанында токтоп турган Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргөн. Анын жыйынтыгында унаа Чүй облусунун Ленин айылынан табылып, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.М. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.