Ошто эл аралык террордук топтун активдүү мүчөсү кармалды

Ошто эл аралык террордук топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Жоннат Ошиклари” эл аралык террордук уюмунун активдүү мүчөсү, 1981-жылы туулган Н.Х. 13-сентябрда жүргүзүлгөн атайын операциянын негизинде кармалган. Анын уюлдук телефонун текшерүү учурунда жогоруда аталган уюмдун жетекчиси Абу Салохтун идеяларын колдоого жана үгүттөөгө багытталган аудиожазуулар табылган.

Кармалган адам аудиожазууларды таркатуу максатында сактап жүргөнүн билдирген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_S
2016-09-15 13:10:57
Ушул адамдар жөн эле жашаса болбойбу бизге окшоп ?
Тынч эле эч пайда келтире албаса, жок дегенде зыян кылбай .
+1
maratbek88.88
2016-09-15 13:32:26
омур бою камак жазасына тартыш керек ушундай адамдарды
+1
Shef87
2016-09-15 22:29:57
камап не кылат оздорунун бомбасын мойнуна илип жардыргыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан