Ош шаарынын тургуну 10 килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Ош шаарынын тургуну 10 килограммга жакын баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 48 жаштагы П.Б. аттуу тургуну текшерүүгө алынган. Анын баштыгынан 4 килограммга жакын гашиш табылган. Ошондой эле үйүнөн дагы 5 килограмм 794 грамм гашиш, 285 грамм героин алынган. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан