Кыргыз бийчилери "Олимп Кубогу-2016" Эл аралык бий турниринде 1-орунду алып, алтын медалга ээ болушту

Кыргыз бийчилери "Олимп Кубогу-2016" Эл аралык бий турниринде 1-орунду алышты. Бул тууралуу Бий спорту боюнча федерациясынан билдиришти.

10-11-сентябрь аралыгында Москвада "Олимп Кубогу-2016" Эл аралык спорттук бий турнири өткөн. Турнирге Польша, Германия, Беларусь, Орусия жана дагы башка 11 өлкөдөн 150дөн ашуун жуп катышкан. Салтка айлангандай, калыстар тобунда кадыр-барктуу сынчылар отурушканы белгилүү болду.

"Juniors 2 C class стандарттык WDSF" категориясында кыргыз бийчилери Никита Герасименко жана Кристина Мельникова 1-орунду багындырышып, алтын медаль менен кубокко ээ болушту. Ал эми "Juniors 2 C class латина WDSF" категориясында 3-орунду алышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulzat-88
2016-09-15 14:04:59
Азаматтар!
+4
zamir_88
2016-09-15 14:11:24
Куттуктайбыз алга кыргызстан!!!
+3
Krai
2016-09-15 14:33:38
Онорунор оркундой берсин мекендештер
+2
Alixan-Nookat.2015
2016-09-15 15:48:17
Азаматсынар!
+2
Azizbek.kg8
2016-09-16 00:10:53
Алга
+1
dobrajelatel
2016-09-16 00:22:03
Ммм жакшы жанылык!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан