Бишкекте Чүй облусунун тургунун коркутуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал “Баят” базарынын жанынан белгисиз адам коркутуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Т.Д. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.