Бишкекте 27 жаштагы шаар тургуну баңгизат менен кармалды

Бишкекте 27 жаштагы шаар тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

14-сентябрь күнү Арча-Бешик жаңы конушунун 27 жаштагы А.У. аттуу тургуну күбөлөрдүн көзүнчө текшерүүгө алынган. Анда анын кийип жүргөн жынсы шымынын чөнтөгүнөн ширеңкенин кутучасы табылган. Кутучанын ичинен жашыл-күрөң түстөгү 13,8 грамм гашиш табылган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek2070
2016-09-15 16:16:32
Мындай ширенкелер миндеп сатылып атат кунуно ал озу учун алган чеккенге, дунк деп койот муну.
+1
Akmatbaev
2016-09-15 19:36:51
Belek2070,аааааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан