"Медиа-портал" бөлүмүндөгү тамашалуу, шаңдуу тартылган клиптердин бири - Курал Чокоев менен Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Сейдакматтын ыры" чыгармасына тартылган клип. Клип ырчылардын тыгыз иштөө графигинен улам түнкүсүн тартылган. Андыктан андагы кээ бир каармандар клипти тартып бүткүчө уктап калышкан.
"Клипти тартуу процесси түнкү саат 1де башталды. Тартуу аянтчасына барсак, актёр жигиттер бизди күтө берип гримдөөчү бөлмөдө уктап калышыптыр. Баарын ойготуп чыктык. Алар бийчи кыздар тартыларын билишчү эмес. Сулуу кыздарды көргөндө бир чети таңыркап, бир чети тартынып жатышты. Аздан соң аралашып, чогуу бийлеп, көңүлдүү болуп кетти. Кийин эгер кыздар болбосо, балдар да, клип да мынчалык шаңдуу тартылбайт эле деп ойлоп калдык. Убакыт, чарчоо деген баары бир өзүнүкүн алат экен. Таңга жуук бир-бирден кетип жатып эле эч ким калбай калды, көрсө, баарын уйкуга тартып кетиптир. Мен буга чейин мындай тамашалуу клиптерде тартылган эмесмин, андыктан клиптеги образымды жактыргандар да, сындагандар да болду", - дейт Ильяз Андаш.
Курал Чокоев менен Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Сейдакматтын ыры" клибин бул жерден көрүңүз.