Балбан Акжол Махмудов өспүрүмдөр арасында Грузияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Ал грек-рим күрөшү боюнча 69 килограмм салмакта килемге чыгып, жалпы 4 беттеш өткөрдү.
Алгач ал армениялык Малхоз Амоянды 8:2 эсебинде утса, чейрек финалда япониялык Гакуйо Тагучини 8:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда да анын атаандашы беларустук Артём Валаскович 8:0 эсебинде утулду. Чечүүчү беттеште Акжол азербайжандык Улву Ганизаде менен кез келип, беттеш 5:3 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.
Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында 4 балбан катышкан: Бекназар Бакытбек уулу, Акжол Махмудов, Акылбек Талантбеков, Медер Абыкеев. Натыйжада Акжолдон башка балбандар байгеге илинбей калышты.