Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл) волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру өтүп жатат. Борбордук Азия зонасы боюнча өткөрүлүп жаткан мелдешке 3 команда катышууда: Кыргыз Республикасы, Бангладеш жана Мальдив аралдары. Жыйынтыгында тандоо турунун кийинки баскычына 1-орунду ээлеген бир гана команда чыгат.
15-сентябрда волейбол боюнча улуттук курам алгачкы беттешин Бангладешке каршы өткөрдү. Беттеш 3:0 эсебинде биздин пайдабызга чечилди (25:19; 25;16; 26:24).
15-сентябрь. 1-тур
Кыргыз Республикасы – Бангладеш - 3:0 (25:19; 25;16; 26:24)
16-сентябрь. 2-тур
Мальдив – Бангладеш
17-сентябрь. 3-тур
Кыргыз Республикасы – Мальдив